бекмамат осмонов биография где родился
Ыр жазган, эл башкарган. Чыгаан саясатчы Бекмамат Осмонов тууралуу 6 факты
Бекмамат Осмонов эгемендүү Кыргызстандын тарыхындагы эң күчтүү саясатчы жана коомдук ишмерлердин бири болгон. Ал жаңы кыргыз саясатынын башатында туруп, келечек муун идеал тутуп, үлгү алган залкар инсан экендиги чындык.
Элүүнүн кырын жаңы гана ашып, күчкө толуп турган кезинде жашоо менен кош айтышкан Бекмамат Осмонов көзү тирүү болгондо бүгүн 72 жашка чыкмак. Замандаштары анын эр жүрөк, тайманбас жана чынчыл мүнөзүн баалап, кыргыз үчүн иштеген инсан болгондугун айтышат. Sputnik Кыргызстан агенттиги чыгаан саясатчы тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.
Жылкычынын уулу. Бекмамат Осмонов 1946-жылы 24-майда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Акман айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган. Сегиз уулдун төртүнчүсү болгон. Бир туугандардын улуусу гана ата жолун жолдоп жылкычылыкты аркалабаса, калган жетөө жогорку билим алган. Орто мектепти 1963-жылы аяктаган соң Фрунзе шаарындагы Айыл чарба институтунун зооветеринария факультетине тапшырат. Окуу жайды 1968-жылы артыкчылык диплому менен бүтүрүп, зоотехник кесибине ээ болот. Дипломун алган соң советтик армиянын катарында кызмат өтөп келет.
Саясатка аралашуу. Осмоновдун саясий карьерасы абдан тездик менен өсүп, 1978-жылы Алай райондук аткаруу комитетинин төрагасы, 1985-жылы партиянын Ош облустук комитетинин айыл чарба бөлүмүнүн башчысы кызматтарына дайындалат. 1988-жылдан баштап эки жыл партиянын Токтогул райондук комитетинин биринчи катчысынын кызматын аркалайт. 1990-жылы Жалал-Абад облустук кеңештин төрагалыгына шайланат.
Куугунтукка кабылган жетекчи. 1991-жылы жаңыдан уюшулган Жалал-Абад облусунун алгачкы губерантору болуп дайындалып, бул кызматта 1992-жылдын ноябрына чейин иштеген. 1990-жылдан баштап легендарлуу парламенттин, андан соң 1995-жылы Жогорку Кеңештин II чакырылышынын Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты болгон. Эл өкүлү болуп жүргөн кезинде да эч нерседен тайманбай оюндагысын айтып турган. Кесиптештери жада калса президентти да катуу сындаганын айтышат. Замандаштары анын жумуштан кетишине ошол убактагы чоң кызматкерлердин кысымы негиз болгон дешет. Себеби карапайым калкка ар дайым жакын болуп, эл үчүн иштеген Осмоновдун кадыры күн сайын өсүп турган. Облустун экономикасын көтөрүп, жолдорду оңдоп, Жалал-Абад телерадиокомпаниясын уюштурган. Олуттуу атаандаштан корккон өлкө жетекчилери ар кандай саясий оюндарды уюштуруп, саясий куугунтук көрсөтө башташкан. Кызматынан кеткенден кийин Ош облустук мамлекеттик администрациясында иштеп, облустук кеңештин төрагасы да болгон. Кийин өмүрүнүн аягына чейин Ош облусунун токой чарба башкармалыгынын директорлугун аркалаган. Осмоновго 1996-жылы «Кыргыз Республикасынын айыл чарбасынын эмгек сиңирген ишмери» деген наам ыйгарылган.
Эрте кеткен өмүр. Осмоновду шум ажал эрте алган. Жүрөк оорусуна байланыштуу Москва шаарында операция жасалып, 1997-жылы 28-октябрында 52 жашында дүйнөдөн кайткан. Тааныш-туугандары анын эч качан оорудум деп айтпаганын эскеришет. Ал кесиби боюнча математика мугалими жубайы Сажида менен 1970-жылы баш кошкон. Экөө 27 жыл чогуу түтүн булатып төрт уул, эки кызды тарбиялашкан. Уулу Темирбек Бекмаматов убагында башкы прокурордун 1-орун басары кызматын аркалаган.
Өмүр баяны
Кырк чоро жандап, Манасты эске салган.
Арийне улуттук ата мурас баалуулуктарга, салт-каада, нарк-нуска, асыл адаттарга, көркөм адабиятка абдан терең кызыккан, Барпынын, Молдо Нияздын, Токтогулдун, Омор Хаямдын, Хафиздин, Навоинин ырларынан жатка айтып, дүйнөлүк адабий лөктөр Байрон, Габриел Маркес, Хемингуэй, М.Шолохов, Солженицын, Ч.Айтматовдун чыгармаларын ар тараптан талдап, өзүнүн калыс көз карашын билдирип, кээде өзү да ыр жаза койгон рухий дүйнөсү чалкыган, маектешкен адамды философиялык терең талдоо ааламына аралаштырып кеткен шыгы бар, барбалактай каадалуу күлүмсүрөгөн маанилүү таасирдеги азамат эле.
Арийне сөз менен ишти айкалыштыра билген жөндөмдүүлүгүн баса белгилегим келет, буга далил Токтогул районунда аким болуп иштеп жүргөн 1988-1991-жылдарда Токтогулдун, Жоомарттын, Жеңижоктун чыгармачыл маарекелерин республикалык масштабда бийик деңгээлде өткөрүү менен тарыхый залкарларга таазим этүү каадасына нук салып кетти.
“Рыспай үчүн тобокелчилик. ”
Чоң-Алайда чогуу иштешип жүргөн жылдардагы бир окуя такыр эсимден кетпейт. Бекмамат Осмонов Чоң-Алай совхозунун директору болуп турган жылдар, жаңылышпасам 1975-жыл болсо керек эле. Күз айы, чарбада кышка даярдануу, малчыларды кыштоого көчүрүү, тоют топтоо кампаниясы кызыган мезгил. Мен ал кезде Дароот-Коргондо ДЭУ-16нын начальниги элем. Б.Осмонов менен чыгармачыл табиттеги курбулар катары катташ-бериштебиз. Күндөрдүн биринде түшкө маал жакындап калганда коңгуроо чалып, “Муса, өзүң жакшы билесиң, жумуш чачтан көп, менин үйүмдө Рыспай Абдыкадыров жубайы менен отурат. Аларды Жар-Башы айылында чөп оруп-жыюу кампаниясында иштеп жаткан бригадага алпарып келчи, рулда өзүң болсоң жакшы болот” деп калды. Кызматтык ГАЗ-69 машинаны өзүм айдап келсем Рыспай жубайы Давлет, секелек кызы Сюита менен Б.Осмоновдун үйүндө экен. Даярданып жолго чыктык. Чөп оргон, чөмөлө жыйган, чөп ташыган жумушчлар түшкү тамакка эртерээк келишип, алтымыштай адам кашардын алдында күтүп турушуптур. Бир сааттай концерт коюшту, андан соң жумушчулар менен кошо тамактандык да кайра тарттык.
Жолдо келатып Рыспай маселенин чоо жайын түшүндүрүп берди: Бекмамат Осмонов Ош областтык партия комитетинин жыйынынан чыгып, кызматтык унаасы менен азыркы Ленин көчөсү менен келатып, жолду бойлой ойлуу басып бараткан, бирок али өң тааныш эмес Рыспайды көрөт да машинасын токтотуп чогуу тамактанууга чакырат. Сүйлөшүп олтуруп Рыспайдын каржылык жактан абдан эле тукулжурап турганын түшүнөт. Белгилей кетүүм керек, совет доорунда азыркыдай эркин концерт коюп, эркин билет сатууга, той-топурда ырдап акча табууга такыр мүмкүн эмес эле. Мындай көрүнүш ”кызыл кулактык”, “туурадан мыйзамсыз киреше табуу” аталып мыйзамдык берене менен жазаланчу. Расмий штатта турган артисттер пьесага катышабы, ырдайбы, маянасын гана алчу. Ал кезде азыркы Чоң-Алай району беш бөлүмдөн турган бир эле совхоз болчу. Бекмамат Осмонов ал кезде таланты анча таарипи боло элек Рыспайды бала-чакасы менен Чоң-Алайга үйүнө конокко чакырып, үйүндө жашатып, бригадаларга жөнөтүп бир айдай ырдатып, угуучулардын тизмесин түздүрүп, бухгалтерия аркылуу ар биринен маянасынан үч сомдон (азыркы курска салыштырмалуу эки жүз сомдон ашык акча) карматып, кадыресе каражат чогулттуруп Рыспайдын көңүлүн жайлантып, талантынын ташкындашына жагдай жаратып, сый урмат менен Ошко узатат. Албетте бул ошол замандын шартында өтө чоң тобокелчилик эле, анткени мындай өзүм билемдик ишти Элдик контролдоо комитети, Ревизиялык башкарма, ОБХСС (чарбалык мыйзам бузууларды көзөмөлдөөчү атайын орган), партиялык комитет, профком дегендер тыкыр көзөмөлдөп, кылт эткен тартип бузууну тиешелүү жерге бурчатпай билдирип турчу. Эгерде маселе козголуп кетсе, мыйзамды одоно бузуу, финансылык махинация аталып, Бекмамат Осмоновдун үстүнөн иш козголуп, партиядан чыгарылып, кызматтык карьерасынан биротоло кол жууру турулуу иш болчу.
Убакыт учкан куш тура, айтылган окуядан бери арадан кырк жылдай убакыт өтүп, Кыргызстандын жетекчилик аренасына далай ысымдар келип, далайы кетти. Бирок арасынан адамдын талант-шык кадырына адилеттүү чечкиндүүлүктө жете билгени анча эле эсиме түшпөй туру.
“Мен чоң-алайлыкмын” дечү”
Көзү өткөнүнө он тогуз жыл болсо да Бекмамат Осмоновду эл эсинен чыгармак түгүл, кайра сагына эстөөсү күчөгөнү ачык байкалууда, мунун сыры эмнеде? Мунун сыры Бекмамат Осмонов таттуу сөзү менен эмес турган турпаты, мүнөз-пейили, жашоо образы, жасаган иши менен эл самап элестеткендей бейнеде жашап өткөндүгүндө.
Бекмамат Осмонов өмүрүнүн аягына дейре кызматтык өсүүсү башат алган Чоң-Алай жерин, Чоң-Алай элин сыймыктануу менен атап, чоң-алайлык көптөгөн жетекчилер менен да, карапайым эл менен да айырмалабай катташып, өзүн “негизинен мен чоң-алайчы болом” деп сыймыктана айтып жүрдү.
Кыргыздын сырттан уулу, бүт өмүрүн өлкөсүнүн өнүгүүсүнө арнаган инсан Бекмамат Осмонов тирүү болсо быйыл 70 жашка чыкмак. Бул эскерүү анын элесине койгон гүлдесте болсун.
Муса Сапаев, Бүткүл дүйнөлүк кыргызстандыктардын
“Акыл-Тирек” конкурсунун лауреаты
Бекмамат осмонов биография где родился
№595 28-март-03-апрель, 2014-ж
«Бекмамат Осмонов президент болчу киши эле» дегендер көп. Эл ичинде шамалдай тараган мындай кеп кезинде бүтүндөй борбордук бийликтин аймактык лидерге каршы ачык жана тымызын согуш жүргүзүүсүнө себеп болгондур. Президент Аскар Акаевдин кийлигишүүсү аркылуу Осмоновду облустук жетекчилик кызматынан алып түшүү операциясы эгемендүү Кыргызстандын тарыхында урунттуу окуя катары калары бышык.
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун « Өзүн таанып-билгендер жашап турганда адам өлбөйт» деген накыл кеби бар. Ош облусунан бөлүнүп чыгып, 1991-жылы жаңыдан түзүлгөн Жалал-Абаддын алгачкы губернатору Бекмамат Осмоновдун жүрөгү какпай калган жылы төрөлгөндөр быйыл 17 жашка чыгышат. «Убакыт унуткарат» деп коюшат, бирок калктын калың катмары «кыргызда Бекмаматтай лидер төрөлөр бекен» деп бүгүн да үмүт артат, бирге иштешкен досу «Бекем космополит киши болчу» дейт, ал эми уулу «атамды жоктогон жүрөк азыр да тына элек» деп эскерет.
ЖЫЛКЫЧЫНЫН УУЛУ
Бекмамат Осмонов жылкычынын үй-бүлөсүндө, сегиз эркек бир туугандын ичинен төртүнчүсү болуп 1945-жылы 24-майда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Беш-Бадам айылында туулган. Балалыгы жайлоо менен кыштоонун коюнунда өтүп, 1-класска ушул эле райондогу Акман айылынын мектебине барган. 1963-жылы Фрунзе шаарына келип, Айыл чарба академиясына тапшырып, ал жерден зоотехник кесибине ээ болуп чыккан.
КАРЬЕРАЛЫК ӨСҮҮ
Эмгек жолун Ош облусундагы асыл тукум кой заводунда зоотехник болуп иштөөдөн баштап, 26 жашында Чоң Алай совхозунун башчысы болууга жетишкен. Андан ары көтөрүлүп отуруп, Алай райондук аткаруу комитети, Ош облустук комитети, Токтогул райондук комитети, Жалал-Абад облустук кеңешинде жетекчилик кызматтарда иштеген. Жогорку Кеңештин 2 чакырылыштагы, анын ичинде «легендарлуу парламенттин» депутаты.
САЯСИЙ БУРУЛУШ
1991-жылы Жалал-Абад дубанынын биринчи губернатору болуп шайланган. Дал ушул кызмат орду Осмоновду чоң тандоо жасоого түртөт. Анын күн санап калк ичинде кадыр топтоосу борбордук бийликке жакпай, губернаторду кызматтан алып түшүү үчүн кутумдар менен жалаа жабуулар башталат. «Мен бийликтегилердин маданиятынын пастыгынан кеттим» деп маектеринин биринде Осмоновдун айтканы бар. Ошентип, бийликтин кысымы менен бул кызматтан отставкага кетүүгө мажбур болгон.
КҮТҮҮСҮЗ АКЫРЕТ
Көзү өтүп кеткенге чейин Токой башкаруу агенттигинин төрагасынын орун басары болуп турган. Осмоновдун демилгеси менен Жалал-Абад телерадиокомпаниясы негизделген. Анын жетекчилигинин алдында Токтогул Сатылгановдун 125 жылдыгы, Жоомарт Бөкөнбаевдин 80 жылдыгы өткөрүлгөн.
Бекмамат Осмонов жүрөгүнө жасалган операциянын эртеси, 1997-жылы 28-октябрь күнү дүйнөдөн кайткан.
Төрт уул, эки кыздуу болгон. Учурда 6 небереси бар.
Айтмамат Осмонов, иниси:«КОЙЧУГА ДА, ЧОҢГО ДА ТЕҢ МАМИЛЕДЕ БОЛ» 
Балдарын да китепке абдан жакын тарбиялады, аларды качан караба энциклопедия кучактап отурушкан болор эле. Камкор аталыгын ушундан бил, бала-чакасын Кызыл-Үңкүр деген жайлоого чейин алып барып, таштан тизип очок жасап, өз колу менен аларга тамак жасап берчү.
Анан мен айыл өкмөтү болуп иштеп калганда, мага «аким же губернаторго барганда аларга бөжөңдөп, анан койчунун алдына барганда мурдуңду көтөрүп, бой көтөрбөгөн жетекчи бол. Кой кайтаргандар менен чоң кызматтагы адамдарга бирдей мамиле жаса » дегени эсимде.
Орусияга операция жасатууга кетерде атамдын үйүнө чогулдук. Ооруп жатканын деле сезбептирбиз, бизге эч нерсесин айткан жок да. Жадырап-жайнаган бойдон кетип, анан эле кайтпай калды.
Парад Салибаев, таякеси, мугалими:«ТҮН БИР ООКУМГА ЧЕЙИН ЧЫРАКТЫН ЖАНЫНДА ОТУРЧУ»
– Бекмаматтын апасы Алима бир тууган эжем болот. Жездем жылкычы болгондуктан, Акман айылынан алыс турушчу. Аларга жакын мектеп 3-класска чейин гана окутканы үчүн адегенде үйүмө экинчи уулу Эрмаматты ээрчитип келип, кийин анын арты менен башка бир туугандары да меникинде жатып окуп калышты. Эжемдер бешинчи уулу 1-класска барганда балдарынын окуусунан улам Акманга биротоло көчүп келишти.
Осмоновдор үйүмдө окуп жүргөн мезгилде бүгүнкүдөй жарык жок болчу, сабактарын чырактын жанында даярдашар эле. Бекмамат окууга өтө дилгир чыкты, балдардын баары уктагандан кийин да китеп окуп отура берчү.
Кийин ишине чечкиндүү, элине күйүмдүү жана кайрымдуу болуп, айылдын эскирген мектебин жаңыртуу демилгесин көтөрүп, көчөлөрүнө асфальт төшөтүп, электр энергиясын тарттырып келип, соода борборун курдурду.
Муканбек Алыкулов, классташы:«АНЫ «КУРКУ» ДЕП КОЁР ЭЛЕМ»
– Бекмамат экөөбүз 9-класстан баштап Базар-Коргондогу Ломоносов мектебинде окуп калдык. Жатакананын курулушу кеч бүтүп, кыздар мектептин ичинде, Бекмамат болуп балдар эшикте түнөп жүрдүк. Бир кар жаагандан кийин гана жатаканага кирдик. Жашоонун ысык-суугун чогуу тартып, кийин жакын достордон болуп кеттик.
Түз жүргөн, чынчыл, бетке сүйлөгөн, сөккөндү сөгүп, урганды урат болчу. Досум өтө курч жана тайманбас эле. Башкадан кетпесе, өзү эч кимге тийишчү эмес. Ал мени « кореец » десе, « сен куркулдай бересиң » деп мен аны « курку » деп койчумун. Көптү билгенинен жадакалса дасторконго келген тамак-аштан өйдө кайсыны кантип жеш керектигинен бери айтып берчү.
« Оорудум » деп ооз ачканын уккан эмесмин. Мага « досуң өтүп кетиптир » деп чалышса, түк ишенбей, бир кыйлага нес болуп отуруп калгам. Сыртынан алибеттүү көрүнүп турса, дарттан кайтыш болот деп ким ойлоптур? Досум күтүүсүз кете берди. Сөөгүн Шермамат деген агасы, Айтмамат деген иниси менен чогуу алып келгенбиз.
Жумабек Молдокадыров, кесиптеши:«ОСМОНОВ БАКИЕВДИ КЫЗМАТТАН АЛГАН» 
Cоюз ыдырап кеткенден кийин кызматсыз калдым, анан туулуп өскөн жериме, Чүйгө кайтып келейин деп, Осмонов менен коштошкону кирдим. Ага чейин эле «Беке, Чүй тарапка кадр керек болуп калса, мени эске ала жүрчү » деп калчумун. « Жумаке, сени жибере албайм» деп сөзүн баштап барып «Машина, үй алдың беле?» деп сурап калды. « Жок » дедим. « Туугандарыңдын жүзүн кантип карайм, ушунча жыл эмгектенип, жөө келиптир дешпейби » деген ыраматылык киши кол алдындагыларга « машина тапкыла» деп буюрду. Ошентип, биринчи менчик машинаны, Москвичти Бекем мингизип, анан мени жөнөткөн эле. Кең пейилдигин жеке мага эле көрсөткөн эмес, ал баарына ошондой мамиле кылчу.
Бир сөз менен мүнөздөө керек болсо, мен аны космополит киши демекмин. Ал жакындарынын, тууган-туушкандарынын, уруулардын эмес, жалпы элинин, мамлекетинин кызыкчылыктарын жогору койчу. Азыркылар партияларга чейин бөлүнө башташпадыбы, Бекемдин ой жүгүртүүсү район же облус менен чектелбей, масштабдуу чөлкөмдү камтып, бүгүн же эртеңки күн менен жашабай, жок дегенде, бир же эки жыл алдыга план коюп иш алып барар эле.
Бекем мырзалык сөөлөтүнө жараша «со вкусом» кийинчү. Чач-мурутун карага боёп, ак костюм-шым менен шляпаны кондура кийген жетекчилер бүгүн барбы? Ал киши мына ошондой болчу.
1987-жылы Бекмамат Осмонов Токтогул районунун 1-катчысы болуп кетти, кийин Жалал-Абад облусунун губернатору болуп шайланды. Ошол мезгилде экинчи президент (ред. Курманбек Бакиев) анын орун басары болуп келип калат. Иш боюнча кайсы бир маселелер чыгып, тагыраагы, орун басарынын билимине байланыштуу шек пайда болуп, жетекчи катары Осмонов Бакиев бүткөн окуу жайга сурам жиберет. Ал жактан « окуу жайды бүткөн эмес » деген маалымат келген экен. Ушундан уламбы, Бекем орун басарын кызматтан алып койгон дешет. Бирок ал мезгилде номенклатура деген бар эле, кызматка дайындоо жана бошотуу борбордон чечилчү. Бийлик « Бизден уруксат сурабай эмнеге иштен алып коёт? » деп, Бакиевди Тогуз-Торого аким кылып жөнөтүшкөн.
Акыретти деле ойлогон эмес болчу, кайтыш болор жылы экөөбүз Ысык-Көлдө 10 күндөй эс алганбыз. Ал мага « Жумаке, ушул жерден эки бөлмөлүү үй алып коюш керек экен » деп айтып, жакын арадагы пландары менен бөлүшүп отурган. Каза болуп калганын укканда мен таптакыр ишенген эмесмин.
Темирбек Бекмамат уулу:«АТАМДЫН ӨТҮП КЕТКЕНИНЕ МОЮН СУНУУ ООР БОЛДУ» 
Айбаттуу сүрүнөнбү, атамдын үйдө кандай болгондугу көбүн кызыктырат. Өтө баласаак эле, убактысы боло калса биз менен өткөрүүгө шашчу. Чарба иштеринен улам биз ойгоно электе жумушуна кетип, кайра үйгө уктап калганыбыздан кийин келгенин билбейбиз да, түшкү тамакка келгенде « ата, биз менен жатып кетиңиз » деп суранар элек.
Аскерге СССР боюнча алдыңкы орундагы кавалериялык Таман дивизиясына барган. Ага атка жакшы мине алгандарды тандап алчу экен. Атам спортко жакын киши болгон, апам экөө күндө эртең менен чуркашчу.
1970-жылы апам Сажида Ош шаарындагы педагогикалык институтту аяктап жатканда атам менен таанышып калат. Бир-эки жолу жолугушуп, атам өзү эзиле берчүлөрдөн эмес болчу, дароо эле үйлөнүптүр. 27 жыл чогуу жашашты. Апам үйдүн оокатын, балдардын тарбиясын да колго алып, 20 жылдан ашуун математикадан сабак берди. Таң атпай атама ысык тамагын даярдап, кайра иштен келгенден кийин бүт ыңгайлуулугун түзүп берип турчу.
Бүгүнкү кесибимди тандап калуума (ред. Темирбек Бекмамат уулу учурда башкы прокурордун 1-орун басары) атамдын салымы чоң. Байкап жүрсө керек, мага « юрист бол» деген. Максатка умтулууну, ар бир маселеден туура жол таап чыгууну бизге жакшы үйрөткөн. « Прокуратурада иштейсиң » деп калчу, бул тармакка атамдын көзү өткөндөн кийин келдим.
Чоң кызматтан, ошол эле губернаторлуктан кетип калган күндөрү чүнчүй түшкөнүн көрбөдүк. Эмгегине мамлекет тарабынан туура эмес баа берилгенине капачылык орун алгандыр, бирок аны байкаткан эмес. Атам тирүү кезинде эле легендага айланган экен. Иши жок отуруп калган күнү болбогон. Кабагы көтөрүңкү, тике карап, бир калыпта жүргөнүнөн жазбады.
Саясий куугунтуктоолор кимге болсо да терс таасирин тийгизет. Ошол учурда бийликте тургандар атамды атаандаш көрүп алышкан. Жүрөгү ооруп калгандан кийин өлүмүнө ар кандай себеп болушу мүмкүн экенин айтышты. Бирок анык себеби бизге азыр да чоң табышмак. Киши колдуу болдубу же жокпу, ал тууралуу эч нерсе айта албайбыз. Андай жагдай убагында иликтенбей калып кеткен.
Ар бир адам үчүн атасынын орду ыйык. Аны эч ким толуктай албайт, ошондой эле бизге да күтүүсүздөн көз жумуп кетүүсү чоң жоготуу болгон. Эң улуубуз 26да, эң кичүүбүз 15инде атасыз калдык. Мен анда окуу жайын бүтө элекмин. Аза күтүү жылдарга созулуп, атамдын бул тирүүлүк менен коштошуп кеткенине моюн сунуу оор болду. Азыр да жүрөк тына элек. Элеси бүгүн да күчтүү, жаныбызда эле жүргөндөй сезилет.
Атам « Инжилде Муса пайгамбар 963 жыл жашаган деп жазылган. Бирок бир дагы адам ошончолук жашай албайт, чынында, пайгамбардын өзү эмес, анын идеясы ошончо өмүр сүргөнүн түшүндүрөт » деп айтчу. Атамдын да идеялары тирүү болгону үчүн эл ичинде унутулбай келет. « Бекмамат Осмоновдун уулу турбайбы » деп калышканы, атама болгон сый мамиле бизге да көрсөтүлүп турганы чоң жардам берет.